Түркиянын Ризе провинциясындагы Дегирмендере дарыясынын суусу адаттан тыш кызыл түскө боёлду. Бул тууралуу кечээ, 22-ноябрда чет элдик басылмалар маалымдашты.
Маалымдалгандай, бул көрүнүштүн себебин аныктоо үчүн экологдор текшерүү жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө дарыяга жакын жайгашкан чай фабрикасы тазаланбаган саркынды сууларды дарыяга агызганы аныкталган.
Натыйжада ишканага айып пул салынып, дарыядагы суудан лабораториялык анализ жүргүзүү үчүн үлгү алынган.