Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз аңчылык кылган үч жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, рейд Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында үч жаранга жалпы 37 миң 500 сом айып пул салынды.
"Мындан тышкары, жарандардын бири тарабынан бир баш кекилик мыйзамсыз олжолонгону аныкталды. Бул факт боюнча жаратылыш ресурстарына келтирилген зыян үчүн кошумча 2000 сом өлчөмүндө доо коюлуп, акт түзүлдү",- деп кошумчаланды маалыматта.