Биз социалдык тармакта

Шанхайда Роналдунун жети метрлик айкели орнотулду (видео)

Кытайдын Шанхай шаарында португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун жети метрлик айкели ачылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.

Маалым болгондой, Шанхайда аянты 3 миң чарчы метрди түзгөн "CR7" музейи ачылды. Анда футболчунун 40тан ашык жеке буюму, анын ичинде кубоктору, формалары жана бут кийимдери коюлган. Ага ылайык, футболчунун айкели музейдин ачылышына карата орнотулду. Айкелде спортчунун гол киргизгенден кийинки белгилүү "Siuuu" деген жаңсоосу чагылдырылган.

Айкелдин ачылышына футболчунун агасы Угу Авейру жана жакын досу Мигел Пайшау катышты. Ал эми Роналду өзү салтанатка келбегени белгилүү болду.

Роналдунун Шанхайдагы айкели
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан