Ысык-Көл облусунун Эшперов айылында жолго асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Бул кубанычтуу окуяга жергиликтүү тургундар өзгөчө мамиле жасап, жаңы асфальттын үстүнө дасторкон жайып, чогуу отурушту. Бул отуруш социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга түштү.
Айыл тургундары биримдикте дасторкон үстүндө баарлашып, жолдун жаңыланышына кубанычын билдиришти. Аларды өтүп бара жаткан жолоочу видеого түшүрүп алган. Алар аны да жылуу тосуп алышып, атүгүл сыйлуу төргө өткөрүп даам ооз тийгизишкен.
Анда тургундардын бири:
"Айылыбызда жол оңдоо иштери болгондугуна байланыштуу көчөбүз чаң болуп, көчөгө чыга албай да калдык. Мына, эми асфальттын биринчи катмары төшөлдү, ошонун урматына дасторконубузду жайып отурабыз. Буюрса, толук бүткөндө тай союп бата кылабыз. Жолубуз ак жолтой болсун",- деп каалоосун айта кетти.