Бүгүн, 23-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында, "Каганат" пансионатынын жанындагы көл жээгинде белгисиз түтүктөн суу агып жатканы тартылган видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көл жээгине жакын жайгашкан түтүктөн белгисиз суюктук агып, көлгө куюлуп жатканын көрүүгө болот.
Азырынча расмий маалымат бериле элек.
Эскерте кетсек, буга чейин Каракол шаарынын тургундары курулуш жүрүп жаткан объекттен түтүк чыгарылып, көлгө саркынды суу агып жатканын билдирип даттанышкан. Бирок кийин Жаратылыш министрлиги маалыматты төгүндөдү.