18-22-ноябрь күндөрү Таиланддын Сирача шаарында күрөштүн түрлөрү боюнча “Thailand Open” эл аралык турнири өтүп, анда Кыргызстандык балбандар 15 медаль жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, турнирге 14 өлкөдөн 300дөн ашуун спортчу катышты. Кыз-келиндер күрөшүндө өлкө намысын коргогон спортчулар 5 алтын жана 2 күмүш медаль утту.
Алтын медаль ээлери:
-Айдеми Асангазиева;
-Асема Торогелдиева;
-Акылай Чыныбаева;
-Асел Жапарова;
-Аяна Асмаликова.
Күмүш медаль ээлери:
-Альбина Самылбекова;
-Аяна Асмаликова.
Ал эми сурдоспорт боюнча U-20 жаш курактык категориясындагы спортчулар 4 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль алышты.
Алтын медаль ээлери:
-Тариэль Садырбеков;
-Абдырасул Исмаилов;
-Динмухамед Бигельдиев;
-Жанбулат Кусейинов.
Күмүш медаль ээлери:
-Артур Акопян;
-Бексултан Сабиралиев;
-Смадияр Жумакадыров.
Коло медаль ээси:
- Арлен Уланов.