Кыргызстандык спортчулар 18-22-ноябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында ат спортунун конкур түрү боюнча Евразия лигасынын Дүйнөлүк кубогунда 7 медаль жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, эл аралык мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Орусия жана Грузиянын спортчулары катышты. Кыргызстандын курамасынын беш спортчусу 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло байгеге ээ болушту.
1-орун ээлери:
Луиза Галимова (110 сантиметр);
Ринат Галимов (135 сантиметр, чакан Гран-при).
2-орун ээлери:
Ринат Галимов (140 сантиметр);
Игорь Козубаев (130 сантиметр, джокер менен);
Богдан Стрельников (110 сантиметр).
3-орун ээлери:
Ринат Галимов (125 сантиметр);
Ринат Галимов (130 сантиметр, джокер менен).