Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "жалган" милиция кызматкерлерин кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда аталган мекемеден билдиришти.
Маалымдалгандай, 40, 43 жана 44 жаштагы жарандар өздөрүн Жайыл райондук милициясынын кызматкерлери катары тааныштырып, Ж.у.А. аттуу жарандан 300 миң сом акча талап кылышкан.
УКМК жарандарды сак болууга жана өздөрүн мамлекеттик же укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырган адамдарга ишенбөөгө чакырат.