Кытайда министрликтердин биринин кызматкери мамлекеттик сырларды чет элдик чалгын кызматтарына бергендиги үчүн өлүм жазасына кесилди. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик сырларды коргоо боюнча улуттук башкармалыгына караштуу “Баомигуань” каналына таянып, чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Ма аттуу кызматкер чет өлкөдө иштеп жүргөндө башка мамлекеттин чалгын кызматынын өкүлдөрү менен таанышкан. Алар коркутуу жолу менен аны кызматташууга мажбурлашкан.
Кытайга кайтып келгенден кийин ал акчалай сыйлык үчүн жашыруун маалыматтарды чогултуп, чет элдик агенттерге өткөрүп турган. Жалпысынан 100дөн ашык маалымат берген. Алардын тогузу “жашыруун”, 26сы “өтө жашыруун” категориясына кирген.
Сот аны тыңчылык боюнча күнөөлүү деп таап, өлүм жазасына кести. Ошондой эле саясий укуктарынан өмүр бою ажыратуу жана бардык жеке мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарды.
Кызматкер кайсы министрликте иштегени жана кайсы мамлекеттин чалгын кызматы менен кызматташканы ачыкталган жок.