Биз социалдык тармакта

Бишкекте курулуш объектилеринде бир катар мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринде санитардык жана коопсуздук талаптарын сакталышы боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө 8 курулуш объектиси текшерилди. Анын ичинен Садырбаев, Бакаев жана Курчатов көчөлөрүндөгү үч объекттен бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.
Тактап айтканда, унаа дөңгөлөктөрүн тазалоочу пункттардын жоктугу, курулуш калдыктарынын топтолушу, материалдардын талапка ылайык сакталбашы, өрт өчүрүүчү калкандардын жана коопсуздук боюнча маалыматтык стенддердин жок экени белгилүү болгон. Мындан тышкары, Курчатов көчөсүндөгү объектиде коргоочу торлор орнотулган эмес.
Аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилип, Курчатов көчөсүндөгү объектинин подрядчысы "Аслан Строй" компаниясына айып пул салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан