Биз социалдык тармакта

Таласта аттан кулап жаракат алган жаран каза болду

Талас районунун Жон-Арык айылында аттан кулап жаракат алган 38 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрда 1988-жылы туулган Т.А. аттуу жаран айылдаштары менен спирт ичимдигин ичип, мас абалында ат минип чаап баратып кулап, денесинен жаракат алган.

Маркумдун апасынын айтымында, ошол күнү саат 19:30 чамасында жээни аны көчөдө жаткан жеринен таап, үйүнө алып келген. Ал ошол эле түнү каза болуп калган.

Аталган факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда текшерүү иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан