Кыргыз Республикасынын Эл артисти Мирбек Атабеков подкасттардын бирине берген маегинде жеке жашоосуна байланыштуу суроого жооп берди. Маек учурунда алып баруучу Нурсултан Майназаров ырчынын келечекте дагы үй-бүлө куруу ниетине кызыкты.
Ага Мирбек Атабеков: "Эми буйруганын көрөбүз. Эгер көңүлүмө жаккан жар, жубай болуп калса, кайда качам? Үйлөнбөйм деген жерден деле үйлөнүп кетесиң", - деп жооп берди.
Ырчынын бул жообу анын келечекте кайрадан үй-бүлө куруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбай турганын көрсөттү.
Белгилей кетсек, ал биринчи жубайы Мээрим Төлепберген менен 2014-жылы баш кошуп, 2023-жылы эки жолго түшүшкөн. Алардын ортосунда бир уулу жана 2 кызы бар.