Президент Садыр Жапаров жарандарды алдыдагы президенттик шайлоого активдүү катышууга чакырды.
Мамлекет башчы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, мугалимдерге жана дарыгерлерге кайрылып, кайсы бир талапкерди, анын ичинде өзүн да үгүттөбөөгө үндөдү.
Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элге шайлоонун маанисин түшүндүрүп, добуш берүүгө чакыруу менен гана чектелиши керек.
Ошондой эле Жапаров 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого шайлоочулардын 60-70 пайызы катышат деп күтүп жатканын билдирди.