Бүгүн, 23-ноябрда, Ноокен районунда дайынсыз жоголгон 2006-жылы туулган Алмаз Мамытбеков табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жаран Токтогул районунда милиция кызматкерлеринин жардамы менен табылып, атасына өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, ал 13-ноябрда таңкы саат 06:30 чамасында Коминтерн айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон.