"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын №3 автобазасында алыскы аймактардан келип иштеген автобус айдоочулары үчүн мобилдик жатакана ачылды.
Мекеменин кечээ, 25-ноябрда берген маалыматына ылайык, жатакана 36 орунга ылайыкталган. Учурда анда 28 айдоочу жашап жатат.
"Алдыда ишкананын башка автобазаларында да ушундай жатаканаларды куруу пландалууда",- деп айтылат маалыматта.