Биз социалдык тармакта

Жээнбек Кулубаев Түрк инвестициялык фондунун президенти менен жолукту

Бүгүн, 26-ноябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк инвестициялык фондунун президенти Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда министр Өмүралиевди аталган кызматка шайланышы менен куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Тараптар фонддун учурдагы жана келечектеги долбоорлорун, ошондой эле ага мүчө мамлекеттердин ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары ишкердикти колдоо, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо маселелерине көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты мындан ары активдештирүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан