Биз социалдык тармакта

"Кол коюу – добуш берүү эмес". Туманбаев жарандарды кол топтоого катышууга чакырды

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев кечээ, 26-ноябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, жарандарды "Түндүк" тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо жараянына активдүү катышууга чакырды.

Ал өзгөчө президенттин Иш башкармалыгынын жана ага караштуу мекемелердин кызматкерлерине кайрылып, бул процесске ыктыярдуу катышууга үндөдү.

"Кол коюу – добуш берүү эмес, бул талапкерлерди каттоонун бир этабы. Ар бир жаран бир нече талапкерди колдой алат",- деп белгиледи Каныбек Туманбаев.

Ошондой эле ал президенттик шайлоо өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы маанилүү окуя экенин белгилеп, жарандарды шайлоо процессине кайдыгер карабоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан