Кечээ, 26-ноябрда түнкү саат 02:20 чамасында Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа сүзүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2003-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран Changan CS55 Plus үлгүсүндөгү унаа менен Абдрахманов көчөсүндө түндүк тарапты көздөй бара жаткан. Ал эми 1997-жылы туурган А.Р. аттуу жаран Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаа менен чыгыш тарапты көздөй бара жаткан учурда кырсык орун алды.
Кырсыктын кесепетинен Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу башынан жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилгени маалым болду. Териштирүү уланууда.