Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда 50гө жакын чакан жана орто ГЭС курулууда

Кыргызстанда акыркы 5 жылда 50гө жакын чакан жана орто ГЭС пайдаланууга берилип, учурда дагы 50гө жакын ГЭСтин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков 25-26-ноябрда Кытайдын Циндао шаарында өткөн эл аралык жыйында билдирди.

Министр "Бир алкак – бир жол" демилгесине катышкан өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин конференциясында жана Энергетика өнөктөштүгүнүн Жетектөөчү кеңешинин биринчи жыйынында сөз сүйлөдү.

Рысбековдун айтымында, Токтогул ГЭСинин төрт гидроагрегатын толук модернизациялоо аяктап, станциянын орнотулган кубаттуулугу 240 мегаватка көбөйдү. Ошондой эле кубаттуулугу 1 860 мегаватт болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу стратегиялык долбоор катары белгиленди.

Жыйында жашыл энергетиканы өнүктүрүү, электр тармактарын жаңылоо жана тармакка жасалма интеллект технологияларын киргизүү маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан