Ош. "Балдарын алып Сирияга качып кетти" деген аял Түркияда иштеп жүрөт

"Оштун 31 жаштагы тургуну Наргиза Кадыралиева үч баласын алып, Сирияга качып кетти" делген аялдын Түркияда экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.  

Укук коргоо органдары бул боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп, "Сирияга балдарымды алып кетти" деген маалыматты анын күйөөсү Бабур Кадыралиев өзү таратканын далилдешти.

Маалыматка караганда, Наргиза Кадыралиева күйөөсү менен төрт жылдан бери чырдашып жүргөн. Балдарын алып Түркияга иштөө үчүн кетерин айткан. Күйөөсү алимент талап кылбаса, балдарына уруксат берерин билдирген. Жыйынтыгында күйөөсү өзү макулдугун бергени белгилүү болду.

"Күйөөсү аялынын үстүнөн орус улутундагы аялга жашыруун үйлөнүп алганы чырдын чыгышына себеп болгон. Бул факт боюнча оперативдүү топ түзүлүп, Наргиза Кадыралиева менен байланышканда, ал Түркияда соода-сатык менен алек болуп жатканын айткан. Жакынкы арада Кыргызстанга кайтып келерин да кошумчалаган",- деп маалымдайт басма сөз катчы Жеңиш Ашырбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Dasmond
2014-02-07 10:22:35
Кимисине ишенээр экенбиз?
+1
010288
2014-02-07 11:55:40
ырас кана кылат озу эркектерге бул да аз.эркекгинин кочугундо кыхысы бар экен да ошон учуун..........
-2
simple_boy
2014-02-07 12:53:09
ха ха ха анан озу макул болуп алып кайра арызданыптырда а
0
chingizhan01
2014-02-07 12:53:23
.... бет жок болот.
+2
admin_superstan
2014-02-07 14:25:22
chingizhan01, башкалардын улутун кемсинтүүгө жол берилбейт.
3 күн БАН!
0
Bodibilding
2014-02-07 13:23:06
Куйоосу ажырашканына окунуп озу арызданганго
0
admin_superstan
2014-02-07 14:26:55
Feride07, sterva, сайттын ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Feride07, эскертүү!
-1
shyba
2014-02-07 14:31:04
Жихатка кетиптир деп коёт дагы.айттым кантип эле деп.корсо кара тамактын азабынан иштеп жургон экен да.буткул крга жанылык болуптур да.
0
4ever_Young
2014-02-07 14:41:13
Ырас кылыптыр, такыр кайтып барбасын. Анын жанына барганда эмне пайда?
+1
Bagysh
2014-02-07 15:10:30
Айалы байып кетсе керек аны билген эркек байкуш бир нерселуу болуп калайын десе керекда ээээээ
+1
infiniti
2014-02-07 20:10:56
Азамат! Колдон келсе,дагы бирди ал. Аялынын артынан чуркап,бечера болбой.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан