Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган Ж.К. 2-февралда саат 16:00 чамасында аталган шаардагы Баңгиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 4 килограмм баңгизатын үйүнүн жер төлөсүндө сактап жүргөнү аныкталып кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле 4-февралда ыкчам иликтөө тобу тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында шаардын 1973-жылы туулган Ш.Э. аттуу тургунунун үйүнүн ашканасынан 100 грамм баңгизат табылды.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыш иши козголду.