Бишкекте эки милиция кызматкерине бычак сайган тартип бузуучу кармалды

Бишкекте эки милиция кызматкерине бычак сайган тартип бузуучу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 6-февралда Бишкек шаарындагы Турусбеков жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде белгисиз адам мас абалында чыр чыгарган. Анда кафенин идиш-аяктарын, терезесин сындырып качып кеткен. 

Көп убакыт өтпөй аны Манас проспекти жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен кармашкан. Аны кармоо учурунда эки милиция кызматкерине каршылык көргөзүп, бычак менен сайып калууга жетишкен. Ошол эле жерден күч органдары тарабынан ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Учурда тергөө жүрүп жатат. Жабыркаган милиция кызматкерлери ооруканага жаткырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан