Ош облусунун Кара-Суу шаарында бирөөнүн уюлдук телефонун күч колдонуп тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда ОИИББинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Маалыматка ылайык, милицияга аталган шаардагы Октябрь көчөсүнүн 21 жаштагы Х .Х. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 6-февралда Бөкөнбаев атындагы эс алуу багында азиат улутундагы жашы 20-25 чамасындагы жаран күч колдонуп 10 миң сомдук Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып изин жашырганын айткан.
Ыкчам иликтөө топтун кызматкерлери тарабынан "Экстремист" операциясынын жүрүшүндө кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 20 жаштагы тургуну А.Б. кармалган.
Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.