Интимдик кызмат көрсөткөндөрдүн 20-25 пайызы сифилис менен ооруйт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин адам сатууга жана сойкулук жайларды уюштурууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Саламат Адылов билдирди.
Анын айтымында, сойкулук менен алектенген 356 кыз каттоодо турат. Алардын 60 пайызы ар кандай оорулар менен ооруйт. Ал эми 20-25 пайызы сифилис оорусунан жабыркашат.