Ош шаарында 2013-жылы кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулга республикалык бюджеттин эсебинен 1250 адамга жалпы 3,4 миллион сом төлөндү. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ош шаарынын 2013-жыл боюнча жыйынтыгын чыгарып жатып биринчи вице-мэр Алимжан Байгазаков билдирди.
Маалыматка ылайык, 2012-жылга салыштырмалуу 2013-жылы кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алгандардын саны 11 адамга азайган.