Бишкекте “Студенттер пикири – 2014” деген аталышта республикалык ири дебат өтөт

8-9-февраль күндөрү Бишкектеги Кыргыз экономикалык университетинде “Студенттер пикири-2014” деген аталышта республикалык ири дебат өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда уюштуруу тобунун мүчөлөрү SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалым болгондой, дебатка республиканын бардык аймактарындагы ЖОЖдордун студенттеринен түзүлгөн 28 команда катышат. Студенттик дебат жаштарды так, туура ойлонуп, натыйжалуу сүйлөө жөндөмдүүлүктөрүн арттырууга жана университеттер арасындагы байланышты чыңдап, биримдикти камсыздоого багытталат.

Дебат британдык парламенттик форматта өтүп, жогорку окуу жайлардагы билим берүү системинин абалы, студенттердин коомдогу орду жана биримдиги, социалдык абалы сыяктуу бир нече темалар талкууланып, ортого салат.

Иш-чарада 1-орунду ээлеген команда 30 000 сом, 2-орундун ээси 20 000 сом, ал эми 3-орунга илинген команда 15 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан