Ырчы Мирбек Иманбеков “Жаз” деген аталыштагы чыгармасына клип тарттырды. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 7-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
“Клиптин жарык көргөнүнө 1 апта болуп калды. Акыркы 2 жылдан бери тарткан алгачкы клибим. Тартуу иштери өткөн жылдын декабрь айына туура келип, Ысык-Көлдөн жана Боомдон тарттык. Клипке жубайым, кызым жана уулум, өкүл ата-өкүл энем көрк кошушту”,- деди ырчы.
Ошондой эле жаз айларынын биринде жеке концертин берүүнү пландап жатканын айтты. Ырчы Чубак Сатаевдин “Кыздар, ай” деген ырын жаздыруу алдында турганын кошумчалап: “Ырды эстрадага ылайыкташтырайын деген оюм жок. Мурункусундай эле аккордеон, шылдырактардын коштоосунда жаңыртам”,- деди ал.