Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун прокуратурасы Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жетекчилигине “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “мамлекеттик мүлктү жок кылуу же өздүк эсебине өткөрүү”, “кызматтык чыккынчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 7-февралда маалымдады.
Шаар жетекчилигинин 2013-жылдын июль жана август айларында кызматтык абалынан пайдаланып, бюджеттик 298 миң сом каражатты өздүк эсебине өткөрүп алышканы аныкталган. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.