Японияда катуу жааган кардан 7 адам каза тапты

Японияда катуу жааган кардан 7 адам каза таап, миңге чукул тургун жабыр тарткан. Бул тууралуу 9-февралда жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, көпчүлүгү жол кырсыгына кабылышкан. Мындан сырткары тайгак жолдо жыгылып, баш сөөгүнөн жараат алышкан. Кардын жаашы 20 миңге жакын турак үйдү электр жарыгысыз калтырып, бийлик тарабынан 300дөй авиакаттамдар токтотулган. 

Аба ырайы 8-февраль күнү кескин өзгөрүп кеткен. 1 суткада Токио шаарында кардын калыңдыгы 27 сантиметрге жеткен жана бул 45 жыл аралыгындагы рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Asus84
2014-02-10 09:50:30
кошмар бизде деле кандай муздак болуп атат
+1
Alai_kyzy
2014-02-10 09:58:18
Ар жерде озуно жараша аба ырайы болот.
0
lily27
2014-02-10 09:59:41
11 адам деп уктум го. Теелвизордон беришти
0
jora.kg
2014-02-10 10:31:25
Бардык нерсе бир гана Аллах Тааланын каалоосу менен гана болот
+1
v-secret
2014-02-10 12:37:06
ii kazakstanda dele kalyn jaady
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан