“Адам уурдоо” кылмышына шектелип Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү кармалды

“Адам уурдоо”, “опузалап акча талап кылуу” жана “талап-тоноо” беренелери боюнча кылмышка шектүү деп Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 10-февралда КРнын ИИМинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2010-жылдын апрель айында Бишкектеги жеке ишкерди бир нече адам белгисиз жака уурдап кетишкен. Аны бошотуу үчүн акча талап кылышкан. Тергөө иштеринин натыйжасына кылмышка шектүүлөр кармалып, алар Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү экени аныкталды.

Кылмышкерлердин бири А.Сулаймановдун бир нече ирет соттолгону белгилүү болгон. Иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан