Ысык-Көл облусунда белгисиз адамдар атып кеткен милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкеринин аты-жөнү такталды.
Алардын бири - Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Бакыт Абдраев. Ал окуя болгон жерден октон каза тапкан. Экинчиси - Балыкчы шаардык жол-кайгуул кызматкери Таштан Аскарбек уулу. Ал ийининен жараат алып, ооруканага жаткырылган.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 10-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 9-февраль күнү саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан.
Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышкерлердин унаасынын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан, ошол эле жерден башка унааны токтотуп, качып кетишкен.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүүлөр кармала элек.