19 жаштагы жаранды коркутуп, 30 миң сомун алып алган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. Биринчи Май райондук укук коргоо кызматкерлерине 55 жаштагы айым Жибек Жолу-Совет көчөлөрүнөн анча тааныш эмес адам досу менен 19 жашар уулунан 30 миң сомун коркутуп алып алгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Издөө иштеринен соң аталган кылмышка тиешеси бар деп 21 жаштагы Т.Бекмурза жана 24 жаштагы А.Дмитрий кармалды. Учурда алар камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.