Орусиянын Мурманск шаарында эл аралык издөөдө жүргөн 34 жаштагы кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Мурманск облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кармалган адамга “алдын ала сүйлөшүү менен топ болуп бейбаштыкка баруу” беренеси боюнча издөө жарыяланган эле. 2014-жылдын январь айынын ортосунда Мурманск шаарынын милиционерлери облус борборунун Октябрь аймагынан аны кармашты.
Аталган берене боюнча 15 жылга эркинен ажырашы мүмкүн.