Ош. 5 жаштагы кызды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

8-февраль күнү саат 17:00 чамасында 5 жаштагы кызды үйүнүн жанынан белгисиз айдоочу ВАЗ автоунаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда ОИИББинин басма сөз катчысы Улукбек Пиназаров билдирди.

Бул окуя боюнча кылмыштын изи сууй электе Кара-Суу РИИБинин Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери "Курчоо" планын ишке киргизишкен. Натыйжада Кара-Суу районунун Мады айылынын 62 жаштагы тургуну М.Ж. өзүнүн ВАЗ 21053 автоунаасы менен кармалган.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sterva
2014-02-10 12:24:11
Кыз олбоптурбу??
0
lusi2013
2014-02-10 12:24:36
карыган эле киши экен,озунун деле ушул кызга окшогон неберелери болсо керек,кандай ушул ишке барды экен
0
aliii
2014-02-10 14:23:56
болнисага алып барса болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан