Казак чек арачылары тарабынан Кыргызстандан аткезчилик жолу менен 22 жылкыны айдап бара жаткан 2 адам кармалды. Бул тууралуу 10-февралда жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
“Жасоркен” чек ара заставасында Кыргызстандын жана Казакстандын жараны кармалып, алар айдап бара жаткан 14 жылкы мыйзам чегинде өткөрүлбөгөнү аныкталган.
“Чолдала” аскердик чек ара заставасындагы кызматкерлер малдын издерин байкап калышкан. Изилдеп чыгып, калк жашаган аймактагы турак үйгө туш болушкан. Үйдүн ээси КамАЗ унаасынан 8 жылкыны түшүрүп жаткан жеринен кармалган.