Босния жана Герцеговина. Жумушсуздар экономикалык кырдаалды жөнгө салуу талабы менен митингге чыгып, мамлекеттик имараттар өрттөндү

Босния жана Герцеговинанын борборунда жумушсуздар экономикалык кырдаалды жөнгө салуу талабы менен митингге чыгып, мамлекеттик имараттар өрттөнүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

7-февралда миңдеген демонстранттар президенттин сарайын курчап, күйүүчү зат куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Президенттик сарай бир нече саат күйүп, аны өчүрүүгө бир топ убакыт кеткен. Ошондой эле Тузла жана Мостар шаарларынын аймактык администрациясынын имараттары өрттөнгөн. 

Күч органдары Өкмөт үйүнө чабуул жасаган элдин бир бөлүгүн токтотууга жетишкен. Ошол эле күнү кечке жуук өлкөнүн борбору Сараево шаарында күч органдары менен жаштар калып, алардын ортосунда да чыр чыккан. Полиция кызматкерлеринин да, демонстранттардын ичинен да ондогон жаран жаракат алган.  

Өткөн жумада башталган акция алгач тынчтык мүнөздө өтүп жаткан. Демонстранттар өкмөттөн өлкөдөгү экономикалык кырдаалды жөнгө салууну талап кылышууда. Босния жана Герцеговинада жумушсуздук 40 пайызды түзгөн. Нааразылыктар мамлекеттик компаниялардын ишин токтотконунан жана акыркы убактарда ишканалардын сатылып кеткенинен улам чыккан. 

Жекшембидеги митингде кырсыктар жана жабыркагандар болгон эмес. Өлкө башчы Живко Будимир жарандардан баш аламандыкты токтотууну суранды. 

Укук коргоо органдары тарабынан “имараттарды күйгүзүүнү уюштургандар” деген шек менен 10 катышуучу кармалган. Бирок миңге чукул тургун чогулуп, алардын бошотулушун бийликтен талап кылган. 10-февралда кармалгандардын баары эркиндикке чыккан.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Raxim76
2014-02-10 18:01:42
Убагында бизде ушундай кырдаал болгондо,ошол Европа олколору,Украина бизди карангы олко деген .Эми оздоручу
Кыргыздар коп кыйынчылыка дагы чыдамкай келет экенбиз.Бизде давно жумушсуздук.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан