Берлинде өтө турган 64-дүйнөлүк кинофестивалга Кыргызстанда тартылган "Эркиндиктин гүлдөрү" аттуу даректүү тасма катышат

Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева Германияга жөнөп кетти. Депутат 9-16-февраль күндөрү Берлинде өтө турган 64-дүйнөлүк кинофестивалга катыша турганын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Кинофестивалда Кыргызстанда тартылган даректүү тасма катары “Эркиндиктин гүлдөрү” аттуу документалдуу фильм көрсөтүлөт. Иманкожоеванын айтымында, даректүү тасманын автору – германиялык журналист Мериам Лойзе. Ал 2006-жылдан 2013-жылга чейин “Карек” коомдук уюмунун ишмердүүлүгүн тасмага түшүрүп, даректүү тасма даярдап, дүйнөлүк кинофестивалга сынакка катышуу үчүн жиберген. Тасма сынактан өтүп, аталган фестивалга катышуу укугуна ээ болгон.

Айта кетсек, Иманкожоева Жогорку Кеңешке депутат болгонго чейин “Карек” коомдук уюмун жетектеп келген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан