Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлерин атып, качып кеткен кылмышка шектүүлөр өлтүрүлдү

Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлерин атып, качып кеткен кылмышка шектүүлөр жок кылынды. Аларды кармоо учурунда милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн. Мындан улам күч органдары кылмышка шектүүлөрдү өлтүрүүгө аргасыз болушкан. 

Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Бирок ИИМдин басма сөз кызматы муну тастыктай элек.

Кылмышка шектүүлөрдүн бири Чүй облусунун Жаңы-Жер айылынын 1986-жылы туулган тургуну Магомедов Заур Мухтарович, экинчиси Жалал-Абад облусунун Кербен айылында 1971-жылы туулган Арчаев Бердимурат Нурбердиевич экендиги аныкталган.  

Эске сала кетсек, кечээ, 9-февраль күнү саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар ага болбой качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан. Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышка шектелгендердин унаасынын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан, ошол эле жерден башка Ауди үлгүсүндөгү унааны тапанча менен коркутуп токтотушуп, айдап качып кетишкен. Бүгүн алар айдап кеткен унаа Токтогулдан табылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Almabek
2014-02-10 17:02:12
Чын эле ошолор болгон болсо анда кудайдан жазаларын алышыптыр. Эми ИИМ олгон милиционердин булоосуно жардам берсин жакшылап.
+2
nk.nur_ik
2014-02-10 17:04:48
эгер чын эле олтуруп салса анда тура кылды. Канга кан .
0
sagun
2014-02-10 17:13:49
Ушундай кылмышкерлердин оорду ттурмодо,буларды ырас эле олтурушуптур. акыркы учурда ушундай окуялар коп болчу болду. деги кайда баратабыз.
+1
maksnarin
2014-02-10 17:22:39
ырас болуптур,болбосо "гумандуу"сотторубуз бошотуп коймок,-эч жакка чыкпагыла,деп
+3
belya
2014-02-10 17:26:41
Токтогулга чейин кетип калганча жолдогуСокулук,Кара Балта,Сосновка,Чичкан посторуна ориентировка жонотулбоптурбу.
0
piter93
2014-02-10 18:20:47
belya, биздин милиция кызматкерлерибиз ушундай каттуу иштейт да . анда да уурдаган машинасы бузулуп токтоп калганда кармашса керек . бирок рас кылыптыр . милиция кызматкерлерин олтуруп емес Уруп койгон адамдарды по жизнь турмодо олтурушу керек а атып олтургондорду атып олтуруш керек бирок узака кетишине жол бербеши керек .
0
maks83
2014-02-10 20:10:42
belya, мен да тан калып жатам
0
Kubanychbekkagan
2014-02-10 17:51:30
Азыр эле бийликтин каршылаштары "аларды оорукчан деп Орусияга качырып жиберүүгө аракет кылып жатышат да" деп көзү ачыктык кылып жатышты эле)))
0
tolkun85
2014-02-10 18:04:30
чын эле олтурушупбу, тан калыштуу
0
nurgul-92
2014-02-10 20:43:00
hmmm
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан