Кечээ, 18-декабрда кечки саат 19:00дор чамасында Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Өрт театрдын 2-кабатынан чыгып, 60 чарчы метр аянтты күйгүзүп кеткен. 3 өрт өчүрүүчү унаа тилсиз жоону тез эле өчүрүүгө жетишти. ӨКМнын маалыматына ылайык, жабыр тарткандар жок. Өрттүн келип чыгышынын себеби электр зымына күч келгендиги менен түшүндүрүлүүдө.