Караколдо шаардын 145 жылдыгына карата “Менин сүйүктүү шаарым” аттуу кышкы фестиваль өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, фестивалды өткөрүү үчүн атайын комитет жана иш-чаралардын планы түзүлгөн. Каракол шаарынын мэриясынын маалымат, маданият жана туризм бөлүмүнүн маалыматына ылайык, фестивалдын программасын бекитип берүү үчүн окуу жайлардын жетекчилерине тапшырма берилген. Аталган фестиваль 14-февралда өтөт.