Ысык-Көл районунун тургуну өзүнүн бөтөлкөлөшүн бычак менен сайып салды

Ысык-Көл районунда бир адам өзүнүн бөтөлкөлөшүн бычак менен сайып салды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 10-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 7-февраль түнү 1933-жылы туулган Б.М. аттуу жаран менен 1950-жылы туулган Б.С. арак ичишип, анан уруша кетишкен. Анын натыйжасында Б.С. 1933-жылкы Б.Мны моюн жакка бычак менен сайып салган. 

Учурда жабырлануучу ооруканага жаткырылып, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “адам өмүрүнө кол салуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tynara81
2014-02-11 10:42:33
80ден ашып калганда ичпей эле койбойбу, бала-чака, небере-чөбөрөгө насаат айтып отураар кезде...аттиң, арак жакшылыкка алып барбашын билишет го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан