Бишкек - Ош унаа жолунун 264-чакырымында жол кырсыгы катталып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 10-февралда саат 23:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунан түшүп баратканда Тойота унаасы Чычкан дарыясына кулап кеткен. Анын кесепетинен эки адам каза таап, бир адам ооруканага жаткырылды. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.