Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон: "Ворухту анклав абалынан чыгарып алабыз"

8-февралда Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон Кыргызстандын аймагында жайгашкан Ворух анклавынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу кечээ, 10-февралда тажик массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, жолугушууда вице-премьер-министр Кыргызстандын аймагындагы Ворухту анклавдык абалдан чыгарып, Тажикстандын башка аймактарына кошуп коёбуз. Ворух эми анклав болбойт” деп билдирген. 

Жергиликтүү ММКлар эмне жөнүндө сөз болуп жаткандыгы белгисиз экенин айтышкан.

Жакынкы күндөрдө вице-премьер-министр Муродали Алимардон кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго отчёт берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан