Шопоков шаарчасында барак тибиндеги төрт батир өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 11-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, өрттүн чыгышына электр мештерин колдонуудагы эрежелердин сакталбагандыгы себеп болгон. Анда колго жасалган плитанын үстүнө төшөнчүлөр түшүп калган. Тилсиз жоонун кесепетинен барак тибиндеги төрт батирдин 400 чарчы метр чатыры күйүп кетти.