Түрк дүйнөсүндөгү Токтогул Сатылганов жылына карата салтанаттын ачылышы Анкарада өтөт

Түрк дүйнөсүндөгү Токтогул Сатылганов жылына карата салтанаттын ачылышы Анкарада март айында өтөт. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен маалымдашты. 

Иш-чара төкмө акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата өткөрүлүүдө. Акциялар Кыргызстанда жана түрк тилдүү мамлекеттерде өтөт.  

2013-жылы ноябрда Анкара шаарында өткөрүлгөн түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданият министрлеринин кеңешмесинин 31-жыйынында маданият министри Султан Раев 2014-жылды түрк дүйнөсүндө Токтогул Сатылганов жылы деп белгилөө сунушун киргизген. 

Аталган сунуш тараптар тарабынан колдоого алынып, 2014-жылы түрк тилдүү өлкөлөрдө улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгын жогорку деңгээлде уюштуруу пландалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
13-nazi
2014-02-12 17:00:30
Кыргыздар учун кубанычтуу жанылык, Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгын турк дуйносундо белгилоо сыйтана турган иш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан