Баткенде мектеп директору 100 миң сом акчаны мыйзамсыз жол менен айлык катары бөлдүрүп алганы үчүн айыпталууда
ИИМ билдиргендей, Баткен облусундагы райондук мектептердин биринен 100 миң сом уурдалганы белгилүү болду. Маалыматка ылайык, Актатыр айыл округундагы мектептин мурунку директору "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, коррупциялык кылмыш кылган" деп айыпталууда. 2011-жылдын ноябрь айынан 2012-жылдын сентябрь айына чейин мектепте иштебеген адамдардын атынан жалган документ толтуруп, аларга айлык которулган. Мунун кесепетинен мамлекетке 100 миң сом зыян келтирилгендиги айтылууда. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
жуз сом жейм деп жаманатты болбой жуз кой уурдап жаманатты болсон болмок урматтуу агай
0
erkekjojopepe
2012-12-19 15:46:46
Super Info 100 som bolboso kerek... juz som azir bir pachka tamekige dagi jetpey kaldigo..Balkim 10 00 som bolso kerek...Maaalimatti bashkadan taktap koysonor eger kiyinchilik kelbese..
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.