Футбол боюнча Ирандын кыз-келиндер курама командасынын 4 оюнчусу эркек болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, курамда алдынкы оюнчулар болуп эсептелген оюнчулар эркек болуп чыгышты. Алар жынысын алмаштыруу үчүн операция мөөнөтүн күтүп жатышканы такталды.
Бул оюнчулар мелдештерге операциядан соң гана катыша алышат. Жалпы эле кыз-келиндер курама командаларынын мүчөлөрү клубдар менен келишим түзүү алдында атайын гендердик тесттен өтүшөт.