Бишкекте шаар тургунун уурдап, 34 миң сом талап кылгандар кармалышты

Бишкекте шаар тургунун уурдап, 34 миң сом талап кылгандар кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, К.Чыңгыз аттуу Бишкек шаарынын тургунун 20-25 жаштардагы 10го жакын бала күч колдонуп унаага салып кетишкен. Аны 12-кичи райондун четине алып барышып, андан 34 миң сом талап кылышкан. 

Кийин Улан кичи районунда эки күн кармап отурушкан. Талап кылышкан сумманын 12 миң сомун жабырлануучу берген. Учурда жогорудагы фактыга тиешелүү кылмышка шектүүлөр кармалышты. Алар Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын тургундары Эрмек, Данияр, Кубаныч, Султанбек, Абдулхалик болушкан. Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Eldiyar_vip2
2014-02-11 13:44:20
Жакшы иш болбоптур,не себептен,.эми жабырлануучунун тааныштары кучтуубу же кылмышкерлердинби?коро жатаарбыз.
0
Meris
2014-02-11 14:07:20
оой кинодон корчу элек эми озубуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан