Чет элдик жаранга мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Ата райондук транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан К.И.А. аттуу чет элдик жаранга жасалма документтер аркылуу мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берилген.
Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “документтерди жасалмалоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.