“Кайыңды-темир жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан жасалма документ менен Кыргызстандын жараны кармалды. Ал Бишкек-Москва каттамы аркылуу башка бирөөнүн паспорту менен Кыргызстандын чек арасынан өтүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 11-февралда билдирди.
Учурда тиешелүү документтер топтолуп, мыйзам бузуучу Панфилов районунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.